Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришинче, Жети-Өгүз районунда 8 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Маалыматка ылайык, 2-январда райондун Саруу айылынын чеке белинен 45 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Анын сумкасынан 5 килограммга жакын марихуана табылган. Андан соң айылдын четиндеги чычырканактын арасына 3 килограмм марихуана катып койгону белгилүү болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам камакка алынды. (BkA)