Бул тууралуу бүгүн Израилде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирип, бирок АКШ Иракка жардам көрсөтө берээрин белгиледи. Мунун алдында Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Анбар провинциясында алар менен бир нече күндөн бери атышып жаткан “ал-Каидага” туташ топторду кырып жок кылаарын билдирген эле. Аймактагы тиреш өткөн дүйшөмбүдө өкмөттүк аскерлер сунни мусулмандарынын нааразылык лагерин күч менен буздургандан кийин башталган.