Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Ходорковский Швейцарияга келди


Өткөн айда абактан бошотулган орусиялык мурдагы мунай олигархы Михаил Ходорковский Берлинден Швейцарияга келди. Ходорковскийдин расмий өкүлүнүн маалымдашынча, экс-олигарх жана жубайы Швейцариянын түндүгүндөгү Базел шаарына эгиз уулдарынын окуусуна байланыштуу келген. Ага Швейцарияда үч айлык виза берилди.

Ходорковский Базелде жергиликтүү телеканалга маегинде, Орусия түрмөлөрүндөгү саясий туткундарды бошотуу үчүн күрөшөрүн билдирди.
50 жаштагы Ходорковский абактан өткөн жылы, 20-декабрда чыгарылган. Президент Путиндин жарлыгында ырайым ага “гуманитардык жүйөдөн” улам берилгени айтылат.

Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолгон. Жактоочулары соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келишкен. Ходорковскийдин жаза мөөнөтү ушул жылдын августунда аяктамак.

XS
SM
MD
LG