Декабрь айынын этегинде Волгоград шаарында болгон жардырууларда жараат алган 39 киши ооруканаларда дарыланууда, алардын экөө оор абалда экенин облус губернаторунун маалымат кызматы билдирет. Буга чейин 22 киши Москванын ооруканаларына жеткирилген. Алардын тогузу, анын ичинде 9 жашар жана 3 айлык эки кыз реанимацияда дарыланууда.
Волгоград облусунун администрациясы эки жардырууда жабыр тарткандардын үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүдө. 61 кишиге акчалай жардам берилди. Ооруканадан чыккандар ден соолугун андан ары чыңдоо үчүн эс алуу үйлөрүнө жиберилет. Теракттарда набыт болгондорду жерге берүү уланууда. Облус бийлигинин буйругу менен маркумдардын алыстан келген туугандары шаардын мейманканаларында бекер түнөшөт. Жакындарын жоготкон 21 үй-бүлөгө 2 миллион рубль компенсация берилди. 29 жана 30-декабрда Волгоградда вокзалдагы жана троллейбустагы жанкечтилердин жардырууларында 34 киши набыт болуп, 70ке чукул адам жарадар болгон.