Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Москва, Петербург башка улуттарга кол салуу көп катталган шаарлар


Орусиянын региондору боюнча Москва жана Петербург башка улуттарга кол салуу, ксенофобия фактылары боюнча алдыңкы орунда экенин «Интерфакс» агенттиги билдирет.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча мындай кылмыштардан Орусиянын 32 регионунда 20 киши мерт болсо, анын сегизи Москвада, үчү Петербургда катталган. 170тен ашуун киши жараат алган. Жабыр тарткандардын басымдуусу Борбор Азия менен Кавказдан чыккан эмгек мигранттары.

Укук коргоочулар башка динди тутунгандардын жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн запкы жеген учурлары мурунку жылга караганда көп болгонун белгилешет. Ал эми жаштар жана солчул багыттардын өкүлдөрүнө кол салуулар азайган.

Соңку жылдары Орусиянын бир катар региондорунда улут аралык негизде болгон чыр-чатактар массалык баш аламандыктар менен аяктады. Өткөн жылы Москванын Бирюлево районунда, Саратов облусунун Пугачев шаарында, 2011-жылы Москванын Манежный аянты менен Уралдын Сагра шаарларындагы окуялар массалык тополоңго айланып кеткен.

XS
SM
MD
LG