АКШда Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура тарткан швед сүрөтчүсүн өлтүрүүгө аракет кылган аял 10 жылга эркинен ажыратылды. Өзүн ислам сайттарына “Жихад Жейн” деп атаган 50 жаштагы Коллин Лароуз сотто күнөөнү моюнуна алды. Ал 2007-жылы Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура тарткан швед сүрөтчүсү Ларс Вилксты өлтүрүүгө даярдык көргөн. Бирок анын мындай планы ишке ашкан эмес. Прокурордун Лароузду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу суранычын Филадельфия штатынын соту бардык күнөөнү моюнуна алганы үчүн 10 жылдык жаза менен алмаштырды.