Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Орусияда эки кыргыз жараны октон жараат алды


Орусиянын Подмосковье аймагында эки кыргызстандык жаран аңчылык кылуучу куралдын огунан жабыркады. Аларды жергиликтүү тургун аткандыгы божомолдонууда. Окуя 8-январга караган түнү болгон.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында жабыркагандар Кыргызстандын жарандары экендиги, алар ооруканага жайгаштырылганы айтылат. Иликтөө уланууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да бул боюнча териштирүү баштаганын элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди. Буга чейин 6-январда бир кыргыз жараны Москвада бычакталган. (SE)

XS
SM
MD
LG