Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Ошто “Ислам жихад союзунун” мүчөсү кармалды


Ош шаарында эл аралык “Ислам жихад союзуна” мүчө делген 39 жаштагы кыргыз жараны кармалып, камакка алынды. Ал 2013-жылдын декабрь айында атайын операциянын жүрүшүндө колго түшкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Колго түшкөн жаран буга чейин Ооганстанда атайын согушкерлерди даярдоочу окуудан өткөн жана ага эл аралык издөө жарыяланган.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, ал 2009-жылы Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында террордук акцияларды жасоого жана күч кызматкерлерине куралдуу кол салууга аракет кылган. Анын Сириядагы согуштук аракеттерге да тиешеси бар экени айтылууда. Тергөө амалдарды жүрүп жатат.

“Ислам жихад союзу” - Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG