Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48

Ооган талиптери: жанкечти кызга тиешебиз жок


Ооганстанда Талибан жанкечти чабуулун ишке ашырмак болгон кызга тиешеси жок экендигин айтып чыкты. Талибан кыймылынын маалымат катчысы "ооган полициясына каршы жанкечти чабуулун ишке ашыруу үчүн агам мага жардыргыч зат катылган өпкөкап кийгизди" деген жаш кыздын ишине талиптердин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

Маалымат катчы Кари Юсеф Ахмади бул окуяны ооган өкмөтүнүн «пропагандасы» деп сынга алды. Анын айтымында, Талибандын эрежеси боюнча, балакатка жеткен эркектер гана өз каалоосу менен жанкечти чабуулун ишке ашыра алат. Хелман дубанында дүйшөмбү күнү кармалган 10 жаштагы кыз агасынын «жанкечти жардыруусун ишке ашыруу буйругун» аткаруудан баш тарткандыгын айткан эле.

XS
SM
MD
LG