Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Жарандарды Сирияга жөнөтүү аракетинде жүргөн адам аныкталды

Кыргызстандыктарды Сириядагы согушка жөнөтүп жатат деген шек менен Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы тургуну издөөгө алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка”  билдирди.

Шектүү буга чейин Орусияда иштеп жүргөн. 2013-жылдын август айында Кыргызстанга келип, жаштарды Сирияга кетүүгө үгүттөй баштаган. Анын сунушу менен согушка жөнөөгө аракеттенип жаткан 19-20 жаштагы жергиликтүү беш тургун аныкталды. Алар менен күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Сирияга кетүүгө үгүттөп жүргөн жаран учурда Кыргызстанда экени айтылууда. 
Буга чейин Баткен жана Жалал-Абад облусунан бир канча киши Сирияга кеткени аныкталган. (SE)
XS
SM
MD
LG