Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

“Ата Мекен” мэрликке талапкер сунуштабайт


Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары калаа башчынын ордуна талапкер көрсөтпөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын лидери Союзбек Салиев кабарлады. Анын айтымында, фракцияда жети гана мандат болгондуктан, эч кимди талапкер катары көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан.

-Башка фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлердин программасы менен таанышып, макул келгенин колдойбуз,- дейт Салиев.

“Республика” фракциясы азырынча өз талапкерин атай элек. Өкмөт башчы тарабынан да эч ким сунушталган жок. Бир гана КСДП фракциясы мэрликке талапкер катары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовду көрсөткөн.

Мэрлик кызматка талапкерлер шаардык кеңештеги фракциялар жана өкмөт башчы тарабынан сунушталат. (SE)

XS
SM
MD
LG