Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кара-Балтада мунай заводу ушул айда ишке берилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” заводду куруп жаткан кытайлык “Жунда” компаниясынын президентинин кеңешчиси Шатман Борбоев кабарлады. Анын айтымында, завод ишке кирүүгө толугу менен даяр. Учурда айрым экспертизалык иштерди өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жүргүзүп жатат. Борбоев январдын соңуна чейин бул экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, заводдун ишке кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Заводдон жылына 650 миң тонна мунайзат чыгаруу мерчемделүүдө. Жаңы завод үчүн чийки зат Казакстандан алынып келинмекчи.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG