Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Мануйлованын үй-музейине жаңы экспонаттар коюлду


Кыргызстандагы жалгыз бедизчи аял Ольга Мануйлованын 2000-жылы ачылган үй-музейине жаңы экспонаттар коюлганы тууралуу “Азаттыкка” музей кызматкери Асел Жумалиева билдирди. Бишкек шаарында жакында эле ремонттолгон музей жаңы экспонаттар менен толукталды. Музейге Мануйлова жасаган эстеликтер жана тарткан сүрөттөрү кошулуп 1413 эмгек коюлду.

Ольга Мануйлова Кыргызстанга 1939-жылы Петербургдан келген. Аны көрүнүктүү инсандардын айкелдерин жасоо үчүн ошол кездеги жергиликтүү бийлик чакырткан. Ал Кыргызстандын абасы жана эли жакканы үчүн ушул жерде калып калганын көп ирет айткан.

Борбор калаадагы Мураталы Күреңкеевдин, Токтогулдун жана башка көрүнүктүү инсандардын эстеликтерин Мануйлова жасаган. Опера жана балет театрынын алдындагы скульптуралык эмгектер да ага таандык.

Бедезчилик кесип аял кишилер үчүн оор деп эсептелгендиктен аны аркалаган айымдар чанда гана кездешет. (SE\АТе)

XS
SM
MD
LG