Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Эки казакстандык Сирияга адамдарды үгүттөгөн деген шек менен кармалды


Кыргызстандыктарды Сирияга жихадка кетүүнү уюштурган деген шек менен Бишкекте кармалган эки чет өлкөлүк - Казакстандын жарандары болуп чыкты.

Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети таратты. Комитеттин маалыматы боюнча кармалгандар Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө жасалма документтер менен киришкен. Алардан курал-жарак табылган.

Кечээ кыргызстандыктарды Сириядагы согушка жөнөтүп жатат деген шек менен Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы тургуну издөөгө алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Шектүү жаран буга чейин Орусияда иштеп жүргөн. 2013-жылдын август айында Кыргызстанга келип, жаштарды Сирияга кетүүгө үгүттөй баштаган. Анын сунушу менен согушка жөнөөгө аракеттенип жаткан 19-20 жаштагы жергиликтүү беш тургун аныкталды. Алар менен күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Сирияга кетүүгө үгүттөп жүргөн жаран учурда Кыргызстанда экени айтылууда.
Буга чейин Баткен жана Жалал-Абад облусунан бир канча киши Сирияга кеткени аныкталган. (AiK/SE).

XS
SM
MD
LG