Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34

Кыргыз жана тажик милициясы чогуу күзөткө чыгууда

Бейшембиден тарта кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелерде эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргеликте күзөткө чыга баштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талаштуу аймактарга милициянын атайын кайгуул топтору көзөмөл жүргүзүп жатышат.  Жакында мындай топтор чек арачылар арасында да түзүлгөнү жатат. Мындай чечим эки өлкөнүн вице-премьерлери Токон Мамытов жана Муродали Алимардондун 7- январда, Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусунда кабыл алынган. Кечээ болсо Исфарада чек ара жетекчилеринин катышуусунда талаштуу тилкелерди тактоо боюнча сүйлөшүү улантылды. (BkA)
XS
SM
MD
LG