Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Пакистанда мектеп окуучусу терактты токтотуп калды


Пакистандын полициясы мектепти бутага алган жардырууну токтотуп калган өспүрүмдү жогорку сыйлыкка көрсөтүүдө. Бейшембиде 15 жаштагы Аитаз Хассан Хайбер Пахтунхва провинциясында мектептин кире беришинде аны жардырууну көздөгөн кишини токтотуп калган. Жанкечти жардырууну ишке ашырганда катуу жараат алган өспүрүм ооруканада көз жумган. Башка эч ким жабыркаган эмес.
Провинциянын полиция башчысы Насир Хан Дуррани Хассан тайманбай каршылык көрсөткөндүгү үчүн мектептеги жүздөгөн окуучулар аман калгандыгын билдирди. Хассандын атасы Муджахид Али Бангаш уулунун эрдиги менен сыймыктанып тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG