Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Пакистанда мектепте терактты токтотуп калган өспүрүм сыйланат


Пакистандын полициясы мектепти бутага алган терактты токтотуп калган өспүрүмдү жогорку сыйлыкка көрсөтүүдө. Бейшембиде 15 жаштагы Аитаз Хассан Хайбер Пахтунхва провинциясында мектептин кире беришинде аны жардырууну көздөгөн кишини токтотуп калган. Жанкечти жардырууну ишке ашырганда катуу жараат алган өспүрүм ооруканада көз жумган. Башка эч ким жабыркаган эмес.
Провинциясынын полиция башчысы Насир Хан Дуррани Хассан тайманбай каршылык көрсөткөндүгү үчүн мектептеги жүздөгөн окуучулар аман калгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG