Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Бишкектин №1 абагындагы ички тартип боюнча кылмыш иш жанданат


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы өткөргөн жыйында Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган, 2010-жылдын апрелиндеги талап-тоноочулукка айыпталган Юсуповго улуттук ашканалардын тамактары, уюлдук телефон, сойку кыздар киргизилген фактылар айтылды. Бул боюнча Атайын прокуратура өткөн жылдын 9-октябрында ачылган кылмыш ишти кайра жандантат. "Ал ишке тиешелүү кыздардын жоктугунан күнөөкөр ким экендиги такталбай, иш токтоп турган. Издөө иштери жүргүзүлүп жатат, жакында кайра ишти жандандырып, тергөө амалдарын жүргүзөбүз" - деп билдирди атайын прокурор Шайлообек Айманбетов "Азаттыкка".

30-декабрда "Ата Мекен" фракциясынын депуттар тобу №1 абактагы Раушан Рыкунованын кайрылуусунун негизинде бул жабык жайга барып, анын кызматкерлери менен жолугуп, ичин көрүп чыгышкан. Бул абактын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков “Азаттыкка” берген маегинде Абдулла Юсуповго атайын шарттар Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин тапшырмасы менен түзүлгөнүн айткан.

“Ата Мекен” фракциясы генерал Рысалиевдин жана башка тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароону талап кылды. Рысалиев кылмыш дүйнөсүнүн лидери Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошонуп кетишине дагы тиешеси бардыгы белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG