Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Баткен: Чек арадагы ок атуу чагым болушу мүмкүн


Ак-Сайда Тажикстан тараптан гранатомёт менен аткылоолор алдын ала уюшкан деген маалыматты “Азаттыкка”ишенимдүү булак билдирди.

Анын айтымында, биринчи граната кыргыз чек ара командирине, экинчиси чек арачылар үчүн жаңыдан коюлган атайын көчмө үйгө тийген. Кийинки аткылоолордо милициянын “Нива” автомашинасы, электр трансформатору талкаланган. Кыргыз тараптын суу тосмосуна атылган граната башка жакка тийген. “Булардын баарын атайын ишке ашырылган чагымчылдык катары кароого болот”,- деди учурда Баткенде жүргөн ишенимдүү булак.

Тажикстандык жергиликтүү тургундар биринчи болуп кыргыз чек арачылар снайперден атканын "Азаттыкка" билдирди. Атышууда ок тийген үч тажик чек арачы Исфара шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш болуп, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган.(SA)

XS
SM
MD
LG