Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Баткен: оор абалдагы чек арачылар Бишкекке алып келинет


11-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан улам оор жаракат алган чек арачылардын экөө Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Зарылчылык болсо калган экөө да алынып келинери айтылды. Учурда борбордон барган дарыгерлер жарадарлардын абалы менен таанышууда.

Ак-Сай айылындагы чек арачылардын атышуусунан Баткен милициясынын “Нива” автомашинасы да талкаланган. Аны менен кошо ичиндеги милиция кызматкери да жараат алган. Андан башка 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жарадар болгон.
Кыргызстандын Чек ара кызматы бул боюнча кечинде ок атууну тажик чек арачылары баштаганын жана кыргыз тарапка каршы миномет, гранатомет колдонушканы тууралуу билдирүү тараткан.

Буга удаа эле Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чагым кыргыз тараптан болгондугу тууралуу билдирүү тараткандыгын “Азаттыктын” тажик кызматы жазып чыкты.

Кечээ кечке жуук кыргыз жана тажик прокуратура кызматкерлери биргеликте ок атышуу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштаганын “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG