Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Сангинов: Тараптар келишимдерди сактоого милдеттүү


Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө буга чейин кабыл алынган макулдашууларды сакташы керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Согди облусунун акиминин биринчи орун басары Жумабой Сангинов билдирди.

Ал бүгүн Баткен шаарында чек ара боюнча 4-5 саатка созулган сүйлөшүү өткөнүн, жыйынтыгында чек арада коопсуздукту биргелешип камсыз кылууну уланта берүү тууралуу жазылган протокол кабыл алганын айтты. Сангинов ошондой эле ал протоколдо тараптар мурда президенттердин деңгээлинде жетишилген макулдашууларды сакташы керек деп жазылганын, бирок кыргыз тарап өз пикиринде калганын билдирди.

11-январда Баткенде Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун курулушуна байланыштуу куралдуу жаңжал чыккан. Тажик тарап бул жер тактала элек, демек жолдун курулушу мыйзамсыз деп эсептейт. Ал эми кыргыз тарап аны Кыргызстандын ичиндеги жер деп келет.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүнкү сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бир аздан кийин болоорун билдирди. (TD/RK)

XS
SM
MD
LG