Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Чек арада жабыркаган жоокерлерге жүз миң сомдон берилет


Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш учурунда жабыркаган кыргызстандык алты жоокерге президенттик фонддон ар бирине 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынын кабарлашты.

Бүгүн президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев Бишкектин №4 ооруканасына барып, ал жакта дарыланып жаткан үч жоокердин абалын сурап келди.

11-январда Баткен районунда тажик чек арачылары баштаган атышуу учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын 5 жоокери жана милициянын бир кызматкери жабыркаган болчу. Алардын үчөө Бишкекте, үчөө Баткенде дарыланып жатат. Абалы туруктуу.

Чатакка кыргыз тараптын Баткенде жол куруп жатканы себеп болгон. Кыргызстан ал жерди өзүнүкү деп эсептейт, ал эми тажик тарап ал тилке кимге таандык экени тактала элек экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG