Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Кумтөр боюнча Жашылдар партиясынын арызы 5-февралда каралат


Бишкектин райондор аралык соту “Жашылдар” партиясынын Кумтөр кениндеги абал боюнча арызын кароону 5-февралга жылдырды. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев билдирди. Анын айтымында, партия Кумтөр кениндеги акыркы экологиялык мыйзам бузууларга байланыштуу кенди иштеткен “Центерра Голд” компаниясынан 444 миллиард сом компенсация өндүрүүнү суранган.

Буга чейин өкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги "Кумтөрдөн" экологияга зыян келтиргени үчүн деп 15 миллиард сом компенсация талап кылып сотко кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG