Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Азат "Алжир чөлүнүн шумкарын" жеңди


14-январда бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев Алжирден жеңиш менен кайтып келди. Февралда Бишкекте хоккей боюнча “Азия чакырык” кубогу өтөт.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт кызматкерлери күнү жыл сайын 6-апрелде белгиленмекчи. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 13-январда кол койду.

1993-жылдан бери бул майрам жыл сайын сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленип келген.

"Өкмөттүн мындай чечими БУУнун башкы ассамблеясы 6-апрелди тынчтык жана өнүктүрүү үчүн Эл аралык спорт күнү деп жарыялагандыгына байланыштуу кабыл алды",- деп билдирди “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев.

Бокс: Азат Үсөналиев дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда

Кыргызстандык боксчу, Азия чемпиону Азат Үсөналиев Дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) рейтингинде биринчи катарга чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн башкы устаты Адылхан Бекболотов маалымдады:

-11-январда Азат Үсөналиев "Алжир чөлүнүн шумкарлары" командасынын мүчөсү Амин Хентачини жеңгенден кийин үчүнчү баскычтан биринчиликке көтөрүлдү. Экинчи орунда Орусия курамасынын мушкери Михаил Алоян, үчүнчү орунда германиялык Тоуба Хамза турат. Аталган рейтингге 52 кило салмакка чейинки дүйнөнүн эң мыкты 21 мушкери кирет.

2013-жылдын Азия чемпиону Азат Үсөналиев былтыр күздө "Украин атамандары" кесипкөйлөр клубу менен келишим түзгөн. Ошол команданын курамындагы 6-декабрда биринчи беттешүүдө аргентиналык Кристиан Родгени жеңген. Дүйнөлүк бокс сериясы боюнча мелдештердин жыйынтыгында мыкты делген боксчулар 2016-жылы Бразилияда өтө турган Олимпиадага жолдомо ала алышат.

Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү 7 мыкты балбандын бири

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү күчтүү балбан кыздардын арасында 7-орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев билдирди.

Эл аралык күрөш федерациясы жаңыланган рейтинг боюнча былтыр Казанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын коло байге ээси, жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова 59 кг. чейинки салмактагы балбан кыз-келиндердин тизмесинде 7-катарга илинди. Мурунку рейтингде ал 5-орунда турган.

Бул салмак боюнча биринчи орунду 2013-жылдагы дүйнө чемпиону венгриялык Марианна Састин ээледи.

Хоккей: "Азия чакырык" кубогу Бишкекте өтөт

23-февралдан 2-мартка чейин хоккей боюнча Азия чакырык кубогу өтөт. Учурда өлкөнүн 30 оюнчудан турган курама командасы окуу-машыктыруу жыйындарын өткөрүүдө. Машыгуу 10-январдан баштап Бишкектеги “Шаардык муз аянтчасында” өтүп жатат.

Хоккей боюнча тандалма команданын улук устаты Болот Бектешимовдун айтымында, машыгуулардын жыйынтыгында Улуттук курама командага 23 оюнчу тандалып алынат. Экинчи окуу-машыктыруу жыйыны февраль айында өтөт.

Эл аралык хоккей федерациясына Кыргызстан мүчө болгондуктан шайба хоккейи боюнча “Азия чакырык кубогун” Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган. Бишкекте алгач ирет өтө турган ири турнирге Кыргызстан, Сингапур, Индия, Макао мамлекеттери катышаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG