Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

"Мусават" партиясынын саясий кеңешчиси соттолду


Азербайжанда оппозициячыл "Мусават" партиясынын саясий кеңешчиси “ээнбаштык” кылды деп айыпталып, алты жылга кесилди. Ядигар Садыков былтыр июнда президенттик шайлоо алдында согуш ардагеринин арызы боюнча Ланкаран шаарында камакка алынган. Ардагердин ырасташынча, Садыков аны чайканада сабап койгон.

Садыков 13-январдагы сотто ага коюлган күнөөлөрдү "менин оозумду жабуу үчүн жасалган “саясий оюн”,- деп атап, четке какты. Анын адвокатынын “Азаттык” радиосуна айтышынча, алар эми доо арыз менен апелляциялык сотко кайрылат. Адам укугун коргогон уюмдардын билдиришинче, азыр Азербайжанда 145 саясий туткун бар.

XS
SM
MD
LG