Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Кыргыз-тажик чек ара жетекчилери жолугат


15-январда кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жетекчилери соңку кырдаалды талкуулоо үчүн жолугат. Шейшемби күнү эки тараптын жооптуулары телефон аркылуу сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөмбиев менен Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери боюнча жетекчиси, генерал-лейтенант Ражобали Рахмонали түзүлгөн кырдаалды чыр-чатаксыз сүйлөшүү аркылуу чечмей болушту.

Генерал-лейтенант Ражабали Рахмонали абалды дипломаттык жол менен жөндөгөнгө даяр экенин жана мамлекеттик чек арадагы кырдаалды курчутканга жол бербесин телефон аркылуу сүйлөшкөндө тастыктаган.

Бүгүн саат кечки беште эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү кездешкенде, тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тоскоолдук кылаарын айткан жана жолугушууга тажик чек арачылары шайма-шай курал-жарак менен келишкен.

11-январда Баткенде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда 45 мүнөткө созулган атышуу болгон. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик тарап минометтон жети жолу аткан. Атышуу учурунда эки тараптан Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. (SE\ST)

XS
SM
MD
LG