Бишкек шаарынын мэрин шайлоого чогулган жыйын 20 мүнөттүк танаписке чыкты. Депутаттардын айрымдары оппозиционер Жээнчороевге ал окуп берген ырдын маанисин түшүндүрүп берүүнү өтүндү. Депутат Мирлан Жээнчороев Кулматовго окуп берген ырынын мааниси тууралуу айтып, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салбаш керек деген ойду жеткирүүгө аракет жасаганын билдирди. Буга чейин кабарлангандай, Жээнчороев мэрликке талапкер Кулматовго суроо берген жок, болгону Байдылда Сарногоевдин чыгармасынан үзүндү окуп берген. (RK)