Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Украина: Сот Киевдеги нааразылык акцияларына тыюу салды


Округдук административдик сот Киевдин борборунда 8-мартка чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды. 8-январда кабыл алынган чечим шаршемби күнү коомчулукка жарыяланды.

Акцияларга тыюу салуу суранычы менен сотко Киев шаардык мамлекеттик администрациясы кайрылган. Шаар бийлиги массалык акциялар улуттук коопсуздукка жана коомдук тартипке залакасын тийгизет деген негизди карманган.

Ноябрдан тарта өлкөдө нааразылык акциялары күч алган болчу. Оппозиция жетектеген демонстранттар Евробиримдикке кошулууну жактап, Янукович менен өкмөт башчы Микола Азаровдун кызматтан кетишин талап кылып жатышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG