Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандагы паралимпиадалык спорттун абалын талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аталган маселени буга чейин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети караган.
Адистер майып спортчуларга багытталган дүйнөлүк мелдешке мамлекет тараптан жетиштүү көңүл бурулбайт деп сын көз караштарын билдирип келет.
Төрт жыл сайын өтө турган паралимпиада 2016-жылы Бразилияда болот. Ага кыргызстандык спортчу Эсен Калиев жолдомо алган. Калиев спорттун штанга көтөрүү түрү менен алектенет.
Майыптарды спортко тартуу демилгеси XIX кылымда башталып, 1988-жылы Германияда дүлөйлөрдүн спорттук клубу түзүлүп, ошондон тарта көп өлкөлөрдө майыптарды спортко шыктандыруу аракеттери башталган.
Майыптардын биринчи паралимпиадалык таймашы Италиянын борбору Римде өткөн. (SE)