Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Царнаевдин курбуларынын соту июнда башталат


Жохар Царнаевдин үч курбусунун үстүнөн соттук териштирүү июнь айында башталат. Мындай чечим шаршембиде Бостондун федералдык сотунда кабыл алынды. Казакстандын жарандары, АКШда окуган Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаевге кылмышка далил буюмдарды жок кылууга аракеттенген деген айып тагылган. Ал эми америкалык жаран Робел Филлипос жалган көрсөтмө берген деп айыпталууда

Тергөөчүлөр бул үч адам былтыр апрель айында Царнаевдин өтүнүчү боюнча компьютер, баштык жана жардыргыч техниканы жок кылууга аракет жасаган деп айтып жатат. Эгер сотто күнөөсү далилденсе алар 16 же 25 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Үч соттолуучу тең аларга коюлган айыптарды четке кагып келет

Былтыр Бостон марафонундагы жардыруу үч адамдын өмүрүн алып, 250дөйүн жарадар кылган. Бул жардырууну бир тууган Тамерлан жана Жохар Царнаевдер уюштурган деп айыпталууда. Тамерлан полиция менен атышуу учурунда мерт болгон. Ал эми анын иниси Жохар азыр соттун чечимин күтүп абакта отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG