Ош мэриясынын айрым кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын маалымат кызматынын өкүлү Бегимай Бекболотова билдирди. Анын айтымында, бүгүн мындай арыздарын төрт вице-мэрдин үчөө, төрт бөлүм башчы жана маалымат кызматынын төрт өкүлү жазды.
Вице-мэр Дастан Ходжаев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу чечиминде саясый себеп жок экенин “Азаттыкка” билдирди. “Жаңы команда келет, алар иштесин” деп билдирди Ходжаев.
Бүгүн “Азаттыкка” маегинде Ош шаарынын жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев “Жаңы команда түзөсүзбү же мэриядагы буга чейинкилер менен иштешесизби?” деген суроого “команда түзүү” деген түшүнүктү кемчилдик деп атап, “ким жакшы иштесе, Кыргызстандын келечеги үчүн күйсө, ошол менин командам” деп жооп берген болчу. (RK)