Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Пакистандын Сват өрөөнүндө аскерий база ачылат


Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө аскерий база ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Наваз Шариф билдирди.
2007-жылы Сватты талибдер тобу басып алган. Эки жылдан кийин пакистандык армия аларды сүрүп чыгарган. Бирок талибдер мамлекеттик күч кызматкерлерине жана жергиликтүү жай тургундарга кол салууларын дагы эле улантып келет.

Учурда Сват өрөөнүндө жана анын тегерегинде 20 миңден ашуун пакистандык аскер кызмат өтөйт.
2012-жылы дал ушул өрөөндө талибдер пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн жаш активист Малала Юсуфзайды башка атып, оор жарадар кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG