Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:01

Гаагада Ливандын мурдагы премьеринин өлүмү боюнча сот башталды


Рафик Харирини өлтүрдү деп шектелген төрт адамды сырттан соттоо боюнча жараян Улуттар уюму колдогон эл аралык сотто башталды. Шииттердин Сирия колдогон “Хезболла” уюмунун мүчөсү деп шектелген ал төрт киши камакка алынган эмес. Бүгүн башталган сот жараяны терроризм боюнча айыпталгандардын ишинин алгачкы ирет эл аралык сотто каралуусу.

Ливандын мурдагы премьери Харири жана дагы 22 киши 2005-жылы Бейрутта автоунаанын жарылуусунан мерт болгон жана бул окуя Ливанда шииттер менен суннилердин жиктешүүсүнө шыкак берген эле. Мурдагы премьер киши колдуу болгондон кийин Сирия Ливандан аскерлерин чыгарып, "Хезболла" буга катыштыгы бардыгын четке каккан. Улуттар уюму бомба жарылууну иликтөө боюнча атайын трибунал уюштурган. (GA)
XS
SM
MD
LG