Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Москва Ирандын Сирия конференциясына катышуусуна кызыкдар


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш Иранды Сирия конференциясына чакырышы керектигин айтты. Ал бейшемби күнү ушундай билдирүү жасап, жыйынга аймактагы ири өлкөлөрдүн келүүсү үч жылга жакындап калган жаңжалда саясий чечим табууга жардам берерин белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 16-январда Москвада Сергей Лавров менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

АКШ Тегеран конференцияга эгер Сириянын өткөөл өкмөтүнө президент Башар Асад жана анын жакынкы өнөктөштөрү кошулбайт деген мурдагы дипломатиялык макулдашууларды кабыл алса гана катыша алаарын айткан. Бирок Жавад Зариф Сергей Лавров менен жолугушкан учурда эгер шарт коюлса, Тегеран конференцияга катышпай турганын билдирген.

Женева-2 деп аталган конференция 22-январга мерчемделген.

XS
SM
MD
LG