Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Украин президенти нааразылык акциясына каршы жаңы жобого кол койду


Украинанын президенти Виктор Янукович нааразылык акциялары боюнча жаңы жобого кол койду. Бул тууралуу президенттин вебсайтында айтылат. Парламент бейшембиде жактырган мыйзам Батыштын камтамасын жаратты.

Жаңы жобого ылайык, коомдук жайларда бийликтен уруксатсыз чатыр тигилип, сцена орнотулуп, үн күчөткүчтөр пайдаланылса, 640 долларга чейин айып салынат же тийиштүү адамдар 15 күнгө эркинен ажыратылат.

Уруксатсыз митингди түрдүү шайман-техника менен жабдыган уюмдар жана адамдар 1275 долларга чейин айып төлөйт же 10 күнгө чейин абакка отургузулат.

Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара Батыштын сынын четке кагып, Киев муну өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл аларын билдирди.

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Украинадагы кризисти 20-январда Брюсселде талкуулаганы жатышат.

Украин оппозициясы болсо жекшембиде да ири акция өткөрүүгө үндөөдө.

XS
SM
MD
LG