Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишембиде өткөн өкмөт жыйынында Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы талкууланды. Жыйын жүрүшүндө “Центтерра Голд” менен түзүлгөн жаңы келишимге редакциялык толуктоолор киргизилип, аны өкмөт мүчөлөрү жактырды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келишимге ылайык түзүлгөн биргелешкен ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде иш алып бараарын жана аны Кыргызстан көзөмөлгө алаарын белгиледи.
Өткөн жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынаары эскертилген. Бирок 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50 пайыздык катышта калтырылган болчу. (BkA)