Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Египет: шайлоочулар жаңы конституцияны колдошту


Египеттин шайлоо комиссиясы жаңы конституцияны добуш берүүчүлөрдүн 98 пайыздайы колдогонун билдирди. Маалыматка караганда, эки күндүк референдумга шайлоо укугу бар жарандардын дээрлик 40 проценти катышты. Алдын-ала жыйнытыктар бейшембиде жарыяланган.

Бул добуш берүү исламчыл президент Мухаммад Мурсини кулаткан аскерлер койгон убактылуу өкмөт үчүн маанилүү өнөктүк болду. Мурсинин тарапкерлери референдумду бойкоттошту. “Мусулман агайыңдар” кыймылы жыйынтык бурмаланганын ырастап, дээрлик күн сайын болуп аткан нааразылык акцияларын токтотбой турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG