Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Жарандык коом Конституциялык палата боюнча оюн билдирди


Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Конституциялык палата боюнча жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыгы менен тааныштырды. Конституциялык палатанын ишмердигин негизинен жакшы деп бааланган. “Прецедент” бейөкмөт уюмунун төрагасы Нурбек Токтакунов чоң талкуу жараткан саясий маселелер боюнча арыздар болбогондуктан азырынча Конституциялык палата саясий буйрутмаларды аткарууда дегенге негиз жок экендигин айтты.

2010-жылы Убактылуу өкмөт өз декрети менен мурдагы Конституциялык сотту жоюп жиберген болчу. Буга анын ашкере саясатташып, бир адамдын бийлигин күчөткөн саясий чечимдерди чыгарып турганы себеп болду деп айтылган. Ал эми 2013-жылдан тарта иштеп баштаган Конституциялык палата ушул күнгө чейин ондой иш боюнча өз чечимин чыгарган. (ZB)

XS
SM
MD
LG