Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макул болду


Киевдеги катуу кагылыштардан кийин президент Виктор Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макул экендигин жарыялады. Анын айтымында, улуттук коопсуздук башчысы Андрей Клюев жетектей турган атайын комитет оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушуп, кризистен чыгуунун жолун сөз кылат.

Кечээ демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан эле. Кабарларда бул Януковичке каршы эки ай мурда башталган демонстрациялардагы эң коогалуу кагылыш экендиги айтылууда. Анда 200дөн ашык киши жараат алды. Алардын ичинен 103 демонстрант дарыланып, 42си ооруканага жаткырылды. Ички иштер министрлиги 100дөй тартип коргоочу жарадар экендигин, алардын 61и ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Министрлик 20дан ашык киши кармалгандыгын билдирүүдө.

Түнү менен үзүл-кесил кагылыштар болду, бүгүн демонстранттар Киевдин борбордук көчөсүндө жайгашып турат.

XS
SM
MD
LG