21-25-январда Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы унаа жолдордо кооптуу абал сакталат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку, Каракол – Эңилчек жана Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунун айрым жерлеринде муз тоңуп, кар көчкү түшүүсү ыктымал. Ошол себептен машиналар ортосунда 500 метрлик аралыкты так кармоо керек деген талапты куткаруучулар эскертүүдө. (RK)