Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

"Балдарым үчүн жашагым келет"


"Балдарым үчүн жашагым келет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын тургуну Назира Жылкыбаева сегиз жылдан бери альвеококкоз оорусу менен күрөшүп келет. Бул күндөрү оору күч алып, Назиранын илдет жармашкан боору жарактан чыгып, аны алмаштыруу зарыл болууда. Бирок мындай оор операция Кыргызстанда эмес, чет мамлекетте жасалат жана баасы 50 миң доллар турат экен. Үч баланын энеси Назира азыр облустук ооруканада жатат. Жергиликтүү дарыгерлердин алы келбей калгандыктан, аны ооруканадан чыгаруу туурасында сөз болуп, Назиранын айласы кетип турган учуру. Жардам көрсөткүсү келгендер үчүн: БИК129013, Эсеп №1290133480000038, и-800 Джилкибаева Назира Насрединовна, РСК банкынын Ысык-Көлдөгү филиалы, Каракол шаары. Телефон номурлары: 0778693912, 0779861286.

XS
SM
MD
LG