Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан кош бойлуу аялдардын көбү бул вирусту жыныстык жол аркылуу жуктуруп алгандар. Бул тууралуу "Азаттыкка" өлкөнүн башкы педиатры Элнура Боронбаева билдирди. Анын айтымында, соңку 12 жылда бул көрсөткүч дээрлик 10 эсе өстү:
- Бул оорунун жыныстык жол менен берилүүсү көбөйүп жатат. 2001-жылы 3% түзгөн болсо, 2013-жылы 33% болду.
Боронбаеванын айтымында, 2011-жылы СПИДге чалдыккан кош бойлуу аялдардын саны 97 болсо, 2012-жылы төрөй турган 157 келинде бул вирус бар экени аныкталган. (RK)