Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жылдын экинчи кварталында биринчи капсула коюлат. Модернизациялоо иши 2016-жылы аяктап, Бишкек Жылуулук борбору кошумча 300 мегаватт электр энергиясын бере баштайт. Муну менен катар абага чыгарылган көмүр кычкыл газы кескин азаят. Модернизациялоону жүргүзө турган ТВЕА компаниясы жабдууларды бүтүндөй Кытайдан алып келет. Бул долбоорго Кытайдан 386 млн. доллар насыя алынган.(AiT)