Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Өзбекстандан 200 миң тонна жер семирткич сатып алынат


Бул тууралуу 21-январда өкмөттөгү жыйында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, жер семирткичтин 5 миң тонна болгон биринчи бөлүгү келерки жумада келет. 200 миң тонна жер семирткич Кыргызстандын жылдык муктаждыгын канааттандырат. Сатып алына турган жер семирткичтердин катарында аммиак селитрасы, карбамид, сульфат аммоний бар. Бүгүнкү күнгө карай 60 миң тонна жер семирткичин алууга келишим түзүлгөн. Өкмөт жер семирткичтердин дыйкандардын колуна мамлекет койгон баада тийүүсүнө аракет жасарын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG