Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги приоритети - дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен конструктивдүү жана ырааттуу өнөктөштүктү өнүктүрүү. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери менен жолугушууда айтты. Президентке өз Ыйгарым грамоталарын Түркиянын, Швейцариянын, Жаңы Зеландиянын жана Бангладештин элчилери тапшырды.
Кыргызстандын Түркия менен мамилесине токтолуп Алмазбек Атамбаев саясый-дипломатиялык жана бизнес байланыштар эки тараптуу негизде да, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин кошо камтыган регионалдык уюмдардын алкагында да активдешип жатканын айтты. Швейцария боюнча айтып кызматташууда соода-экономикалык тармакка жана маданий-гуманитардык чөйрөгө өзгөчө басым жасаарын белгиледи. Ал эми Жаңы Зеландия жана Бангладеш менен кызматташууну активдештирүү тууралуу кеп кылып президент өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого даяр экенин билдирди. (RK)