Сириядагы үч жылдык жаңжалды токтотуу аракетиндеги эл аралык конференция Швейцарияда өтүп жатат. Монтрө шаарындагы жыйындын ачылышында Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун делегаттардын алдында «татаал» милдет тургандыгын, бирок жылыш болоорунан үмүт бар экендигин белгиледи:
– Биз баарыбыз билгендей, ушул жыйынга чогулуштун өзү өтө бир кыйын болду. Көп убакытты уттурдук, көптөгөн өмүрлөр кыйылды. Түз эле айтып коеюн, сиздердин алыңыздарда, баарыбыздын алдыбызда өтө татаал маселелер турат, бирок сиздердин бул жакка келгениңиздердин өзү бизди үмүттөндүрөт.
Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Моаллем Асаддын кетиш-калышын бир гана сириялык жарандар чечиши керек деди. Ал эми оппозициядагы Улуттук Коалициянын жетекчиси Ахмад ал-Жабра Асад бийликте кала берсе, оппозиция мунасага келбей тургандыгын эскертти.
Сириянын расмий өкүлдөрү менен оппозиция биринчи жолу көзмө-көз сүйлөшүүгө катышып жатат.