Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Өкмөт Байкоочу кеңештердин мөөнөтүн узартууну көздөөдө


Кыргыз өкмөтү коомдук байкоочу кеңештер боюнча мыйзам парламентте кабыл алганча алардын иш мөөнөтүн узартуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев билдирди.

Министрлик жана мекемелердин үстүнөн жарандык көзөмөл жүргүзүү максатында экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен 2010-жылы түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңештердин иш мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрында аяктаган. Бүгүн Отунбаеванын фонду ушул маселе боюнча жыйын өткөрүүдө. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG