Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Кыргыз-кытай тилкесинде чек арачыларга от аткандар курчоого алынды


Ысык-Көлдө чек арачыларга ок ачкан кылмышкерлер курчоого алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, окуя кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде, Жети-Өгүз районунда катталды.

Буга чейин кабарлангандай, бүгүн Ысык-Көл чек ара кошуунуна караштуу тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду. Белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алган. Окуя болгон жерге келген чек арачыларга алар ок чыгарган. Атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты. Азыркы тапта алар “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турат.

Окуя болгон жерге Чүй чек ара кошуунунун атайын даярдыктагы чек ара тобу учуп чыгууда.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG