Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Иран президенти дүйнөнү кызматташууга үндөдү


Хасан Роухани форумда сүйлөп жатат. Давос, 23-январь, 2014.
Хасан Роухани форумда сүйлөп жатат. Давос, 23-январь, 2014.
Ирандын президенти Хасан Роухани Швейцариянын Давос шаарындагы экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө негизинен кызматташтыкка жана коопсуздукка көбүрөөк басым жасады. Роухани ааламда азыр бир да мамлекет өз алдынча жашай албай турганын, анын өзүнүн өлкөсү да эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ менен жакшы мамиледе болууну самай турганын айтты.

Ал Сириядагы кризисти азыркы башкы катастрофа деп атап, андан чыгуунун эң эле туура жолу “ачык жана акыйкат шайлоо” экенин белгиледи. Иран президенти эл аралык коопсуздук үчүн энергетикалык коопсуздук өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, мында өз өлкөсүнүн географиялык орду жана ресурстары боюнча утуштарына басым жасады. Роухани дагы бир ирет өз өлкөсү атом бомбасын жасоого кызыкпай турганын кайталады.

XS
SM
MD
LG