Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Brand eins: АКШ карызынан 111 жылда кутулат


Германияда жарык көргөн "Бранд айнс" журналы АКШ, Германия жана Грециянын мамлекеттик карыздарына байланыштуу кызыктуу тыянакка келди. Экономика журналынын эсебинде, эгер ар бир америкалык күнүнө өкмөттүк карыздан арылууга бир евродон төксө, АКШ карызынан 111 жылда кутулат. Американын жалпы карызы 17 триллион доллар.

Ал эми кризис эпкинен чыга албай жаткан Грециянын жарандары ар күнү бир евродон төксө, расмий Афина 78 жылдан кийин бересе болбойт. Грециянын мамлекеттик карызы – 300 миллиард евро. Ушул эле усул менен эсептегенде Германия мамлекеттик карызынан 74 жылда арылат. Германиянын карызы – 2.16 триллион евро. (BAz)

XS
SM
MD
LG